Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 220
Субсидиянин көлөмүнө каралган сумманы “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык ишканасына атайын эсепке которуп берүүгө макулдук
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги “ муниципалдык биргелешкен ишканасына субсидиянин көлөмүнө каралган сумманы которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу сумманы аныктап , которуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |