Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 222
“Мырза-Аке Тазалык” ишканасына Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан таштанды ташуу үчүн пландан ашык жыйналган каражатты которууга макулдук
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан таштанды ташуу үчүн пландан ашык жыйналган 205 00 ( эки жүз беш миң) сом каражатты которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каражаттын мыйзамдуулугун тактоо , мыйзам чегинде каражатты чыгымдоосун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |