МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 223
“Мырза-Аке Тазалык” ишканасына Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан ит атууга каралган каражатты которууга макулдук
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына, Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан жолбун иттерди атуу үчүн каралган 90 000 (токсон миң) сом каражатты которуп берүүнү сураган айыл өкмөтүнүн вет адиси С.Раимбековдун арыз канааттандырылсын.
2. Жолбун иттерди атуу ишин алып барууда “Мырза-Аке Тазалык “ишканасынын мыйзам чегинде каражатты чыгымдоосун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |