Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 224
Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгө келишимди бекитүү жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдын № 715 токтомун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айыл өкмөтүнүн статистине берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды так аткарууга алынуусун камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |