Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 225
“Мырза-Аке СПА ” ишканасына Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан каражатты которууга макулдук
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Мырза-Аке СПА” ишканасынын кубаттуу техника каражаты жетишсиз болуп жаткандыгын жана каражаты ченелүү экендигин эске алуу менен каражат бөлүп берүүнү сураган арызы канааттандырылсын.
2. “Мырза-Аке СПА” ишканасына, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен АК-Турпак каналын 1 км 200 метр жерин планировкалоо . казуу жана грунттарын ташууга 250 000 ( эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |