Редакцияот 15.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы

2019-жылдын 15-марты № 226

“Мырза-Аке Тазалык” ишканасына тамеки тартуучу жайларды куруусу үчүн каражат бөлүү

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун , Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 53-беренесин жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына тамеки тартуучу жайларды куруусу үчүн , тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын тартпоо боюнча , тыюу салынган жерлер эске алынып жана Бузуулар жөнүндө протоколдорду толтуруу учурунда карама- каршылыктар пайда болуусун алдын алып, тамеки тарткандар үчүн милдеттүү жай бөлүп берүү , ал жайлар жөнүндө көрсөтмөлүү маалыматтарды жайгаштыруу , тамеки тартуучу жайларды куруу, оңдоо, даярдоо ишин жасоо үчүн 30 000 ( отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Мыйзам чегинде каражатты чыгымдоосун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кимсанов