Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 227
С.Турганбаев көчөсүнүн сел өтүүчү каналына көпүрө курууга, көпүрөнүн эки башына жана көчөсүнө шагыл төгүүгө каражат бөлүү
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,
Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. С.Турганбаев көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген сел өтүүчү каналына көпүрө курууга, көпүрөнүн эки башына жана көчөсүнө шагыл төгүүгө каражат бөлүп берүүнү сураган арызы канааттандырылсын.
2. С.Турганбаев көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген сел өтүүчү каналына көпүрө курууга, көпүрөнүн эки башына жана көчөсүнө шагыл төгүүгө Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 000
( жүз миң) сом акча каражатын, МЧСтин Өзгөн райондук бөлүмүнүн
заключениесинин негизинде гана бөлүп берүү Мырза-Аке айыл
өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |