Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 230
Мырза-Аке айылдык Жайыт комитетинин 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы , Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын “ 14 ” 03 .2019-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечимин бекитүү
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын , Айыл , суу чарба , өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Мырза-Аке айылдык Жайыт комитетинин 2018-жылдаг киреше , чыгаша
бюджети аткарылганы эске алынсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын “ 14 ” 03 . 2019-
жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.
- кара малга – 1 айга- 450 сом
- жылкы- 1 айга – 450 сом
- кой,эчки – 1 айга 100 сом
-малды карабай арам өлтүрсө (башын көөдөнү менен чыгарып көрсөтпөсө ) ,жоготсо , карышкырга жедирсе, алмаштырса башка баш төлөнсүн.
- Эгинди ,чөп ормону жедирсе зыянын төлөйт.
3. Жайлоого көчүү мөөнөтү 10-майга чейин , көчүп келүү 10-сентябрдан кийин.
4. 2018-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү :
ири мүйүздүү мал үчүн , бир баш үчүн- 100 сом
кой, бир баш үчүн- 20 сом
эчки , бир баш үчүн- 50 сом
жылкы бир баш үчүн- 100 сом
Жайыттагы кашааланган жер аянты 1 сотых үчүн -100 сом
5. Ики жайытты пайдаланып ,башка жайытка чыгып кеткендер үчүн.
кара мал , бир баш үчүн- 50 сом
жылкы , бир баш үчүн - 50 сом
кой , бир баш үчүн- 10 сом
эчки, бир баш үчүн- 30 сом
6. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн
ири мүйүздүү мал,бир баш үчүн 150 сом
кой, бир баш үчүн- 30 сом
эчки , бир баш үчүн- 60 сом
жылкы , бир баш үчүн – 150 со
7. Картошка жана башка өсүмдүктөрүн өстүрүп тоскон кашалар алынып, картошка жана башка өсүмдүктөрдү эгүүгө тыюу салынып, жайыт жерлери жайыт катары пайдаланууга берилсин.
8. 2018-жылы жайыт пайдаланып, жайыт акысын төлөбөгөндөргө жайыт берилбесин.
9. 2019-жыл үчүн жайыт пайдалануучулар жайыт акысынын 50% ин төлөө менен жайыт билетин алышсын.
10. Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбесин.
11. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
12. 2019-жылдын кабыл алынган бюджети төмөнкүдөй көрсөткүчтөр менен бекитилсин.
Жалпы киреше - 354 000 сом
Анын ичинен сарпталат:
Жайыт салыгы -71500 сом
Эмгек акысы - 156 000 сом
Транспорттук чыгым -20 000 сом
Соц фонд 17.25% - 30 000 сом
Концтовар - 5000 сом
Жайыт инфраструктурасы - 63500 сом
Жайыт пайдалануучулардын ассосациясына - 8000 сом
Жалпы жыйынтык -354 000 сом
13.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |