Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты №229
Т.Сатылганов көчөсүн асфальттоого каражат бөлүү
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Сатылганов көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген I бурумунун жолун асфальттоого муктаж экендигин эске алуу менен каражат бөлүп берүүнү сураган арыздары канааттандырылсын.
2. Т.Сатылганов көчөсүнүн I бурумунун жолун асфальттоого Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүп берилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |