Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 233
Мырза-Аке айылынын тургуну Солтонова Омуркандын арызы жөнүндө
«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылыны тургуну Солтонова Омуркан Эргешовнанын мал чарбасын өнүктүрүү багытындагы 2000 кв м жер тилкесине балдар ойноочу кичи футбол аянчасын, бир бөлүгүнө машина оңдоочу устакана куруу үчүн , максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кичи футбол аянтчасын , машина оңдоочу устакана курууга керектүү документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл аркылуу, уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |