Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 234
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018- жылга карата аткарылышы жана 2018-жылдан 2019-жылга өткөн калдыкты бекитүү жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2018-жылга киреше , чыгаша бюджетинин аткарылгандыгы эске алынсын.
2. 2018-жылдан 2019-жылга өткөн каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык 9156, 5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Учурда долбоорлору даяр болгон көчөлөрдү жана Адыр , Бабыр жана А.Калдаров көчөлөрүнүн долбоорлорун даярдап, 2019-жыл ичинде асфальттап бүтүрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Жетпеген каражатты 2020-жылдын бюджетинен каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |