Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 236
К.Жумалиев көчөсүндөгү имараты бузулуп алынган балдар китепканасынын 2 , 7 сотых жерин С.Абдыраимовага менчик жер катары өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып
Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Жумалиев көчөсүндөгү Мырза-Аке айылдык Кеёешинин 14.06.2002 –жылдагы № 65 чечими менен имараты бузулуп алынган, балдар китепканасынын 2, 7 сотых жерин С.Абдираимовага менчик жер катары өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Контурун изилдеп, мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |