Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 237
“Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын таштанды ташууга, ар бир кожолукка ай сайын 30 сомдон төлөм төлөөсүн бекитүү жөнүндө
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,
Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын таштанды ташууга каражаты жетишсиз болуп жаткандыктан , ай сайын ар бир кожолукка 30 сомдон таштанды ташууга төлөм чегерүүнү сураган жетекчиси Б.Оосаровдун арызы канааттандырылсын.
2. Айыл аймагынын тазалыгын кароо, таштандыларды өз убагында ташып чыгуу ишин көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |