Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 238
Мырза-Аке айыл аймагындагы шайлоо участокторуна мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн пандустарды орнотууга каражат кароо жөнүндө
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,
Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Мырза-Аке айыл аймагынын шайлоо участоктокторуна мүмкүнчүлүгү чектелген шайлооочулардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында , пандустарды орнотууга айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар бөлүгүнөн каражат бөлүнүп берилсин .
2. Ар бир шайлоо участогунда, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |