Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/160
2018-жылдын 5-декабрындагы №01-5/132 сандуу токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү жана жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 17-июнундагы № 01-36/802 сандуу катынын негизинде, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ”Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 17-июнундагы № 01-36/802 сандуу каты канаттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин ”Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3. 2018-жылдын 5-декабрындагы №01-5/132 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында шаардын инфраструктурасын көтөрүүгө жасалган жумуштарды каржылоо үчүн 2019-жылдын жыл башында, калган атайын каражат эсебинен 433961 (төрт жуз отуз үч миң тогуз жүз алтымыш бир) сом, жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын жыл башында калган калдыгынын эсебинен 157238 (бир жүз элүү жети миң эки жүз отуз сегиз) сом акча каражаты колдоо катарында чегерилип берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэрине жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин ”Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ” туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |