Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/161
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2020-2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, шаар мэриясынан келген жергиликтүү бюджеттин кезектеги 2020-2021-2022-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитип берүүгө жазган расмий катын, шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 18-июнундагы №01-36/805 сандуу каты канаттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын .
3. 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү болжолдуу суммасы
73 298 000 сом, 2021-жылга 74 413 300 сом, 2022-жылга 74 998 400 сомго бекитилсин. Токтомдун тиркемеси тиркелет.
4. 2020-2021-2022-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда аларды талкулоо менен кабыл алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсун.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |