Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/162
2017-жылдын 5-июлундагы №01-05/49 токтомунун I-II-пунктарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнундө.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 05-июлундагы №01-05/49 токтомунун I-II пунктарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү шаар мэриясынын 2019-жылдын 4-июлундагы №01-36/894 сандуу катын угуп жана талкулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 01-36/894 сандуу каты канаттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 05-июлундагы №01-05/49 Келечек көчөсүнун жашоочуларына мечит курууга жазган арызын канаатандыруу боюнча кабыл алынган токтомундагы “Келечек көчөсунун”- деген сөз “Кочкор-Ата шаарынын” деген сөз менен алмаштырылып, “Семетей” көчөсүнө мечит курууга мыйзам чегинде архитектуралык талаптарга ылайык жер тилкесин ажыратып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана мунииципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчсысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү шаардык Кеңештин “ Муниципалдык менчик,жер,өнөр жайкурулуш, транспорт жана энергетика маслелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |