Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/165
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүнүн №46-2 үйүнун тургуну Козубаев Маматураим Адановичтин жеке менчигиндеги турак жайды 267 кв.м бөлүгүн эки этаж соода дүкөнүнө кошуп кафе жана чакан кондитер цехин курууга ошондой эле 167 кв.м бөлүгүнө турак жай салууга профилин өзгөртүү боюнча жазган арызын, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы карап берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын тургуну Козубаев Маматураим Адановичти жазган арызы канаттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын
3. Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүнүн №46-2 үйүнун тургуну Козубаев Маматураим Адановичтин жеке менчигиндеги турак жайды 267 кв.м бөлүгүн эки этаж соода дүкөнүнө кошуп кафе жана чакан кондитер цехин курууга , 167 кв.м бөлүгүнө турак жай салууга деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Профилин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |