Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/167
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Колхозная көчөсүнүн №16-а үйүнүн тургуну Бешкемпиров Чынгыздын жеке менчигиндеги турак жайды соода дүкөнүнө профилин өзгөртүү боюнча жазган арызын, шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы карап берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын тургуну Бешкемпиров Чынгыздын жазган арызы канаттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Колхозная көчөсүнүн т№16-а үйүнүн тургуну Бешкемпиров Чынгыздын жеке менчигиндеги турак жайды соода дүкөнү деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Профилин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |