Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/168
Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №01-36/821 сандуу катын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №01-36/821 сандуу катынын негизинде шаар тургуну М.Б.Малашов, шаардын өнүүп-өсүүсүнө өз салымын кошуу максатында, өзүнө таандык болгон 1002 кв.м жер тилкесин, курулуштары менен шаар мэриясынын балансына кайтарымсыз шартта өткөрүп берүү сунушун, шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №01-36/821 сандуу каты канаттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын аймагынан жеке турак үй куруу үчүн трансформация иштери буткөндөн кийин жер тилкеси бөлүнө баштаганда шаар тургуну М.Б.Малашовдун эки уулу Малашов Жалал Максатбекович жана Малашов Кадырабад Максатбековичке жер тилкелери кезексиз ажыратылып берилсин.
4. Токомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэрине жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |