Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/171
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/171 Кочкор-Ата шаары Кочкор-Ата шаар аймагында жайгашкан Монтажная көчөсүндөгү «№45 «Наристем» Ясли-бакчасы» мекемесин ачуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 9-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.11.2012-жыл “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндөгү типтүү Жобого” ылайык, Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 1-июлундагы №01-36/884 сандуу катынын негизинде, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 1-июлундагы №01-36/884 сандуу каты канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Монтажная көчөсундө жайгашкан 175 орунду “№45 “Наристем” Ясли-бакчасы” Мекемесин ачуу жана анын иштөөсү үчүн тамак ашына, жумшак жана каттуу инвентарларына, көмүр-отун, электро энергиясына жана башка чыгымдарына кетүүчу акча каражатын карап чыгып, бөлүп берүү жагы шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Мектепке чейинки Ясли-бакча мекемесине штат бирдигин ачуу, кадрлар менен камсыз кылуу жана методикалык, педагогикалык жардам көрсөтүү жагы Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмунө милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |