Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/170
Кочкор- Ата шаар мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 4-июлундагы №01-36/897 сандуу катынын негизинде, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент,этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 4-июлундагы №01-36/897 сандуу каты канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторунда белгиленгендей, ошондой эле мамлекттик тилде туура жазылышы боюнча “Кочкор-Ата шаардык мэриясы” эмес “Кочкор-Ата шаарынын мэриясы” деген аталышы менен күбөлүгү кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент,этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |