КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/172
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 02-июлундагы №01-36/889 сандуу катынын негизинде муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин үч кызматкерине 2018-жылдын жыйынтыгы менен бир айлыктын өлчөмүндө премия бөлүп берүү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 02-июлундагы №01-36/889 сандуу каты канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин үч кызматкери Осоров Чолпонбай, Осмонова Гулбарчын, Шадыканова Акылбүгө 2018-жылдын жыйынтыгы менен бир айлыктын өлчөмүндө премия бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “ Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |