Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 01-5/169
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №01-36/821 сандуу катынын негизинде, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №01-36/821 сандуу каты канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине автоунаа үчүн керектелүүчү күйүчү май өздөрүнүн булактарынан камсыз кылуусуна уруксат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “ Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |