Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-майы № 1
Жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун материалдарын карап чыгуу жөнүндө
Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адиси Орозбек уулу Тагайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары бекитилсин.
2. Аксы райондук мамлекеттик админстрациясынын 2017-жылдын “13”июлундагы №193-б буйругу менен түзүлгөн райондук комиссияга Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, бекитүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына киргизүү суралсын.
3. Райондук мамлекеттик администрациясынан айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жыйынтыктарын бекитип берүү суралсын.
Төрага | Малабеков Т. |