Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 162/29-7
“ “Кара-Көл шаарына караштуу Ак-Кыя 1, 2 участкаларында Кара-Суу дарыясындагы жээк бекемдөө жумуштары” обьектисинин бүткөрүлгөн аралыгын ММБнын балансына өткөрүп алуу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 24.06.2019-жылдагы № 05-12/1409 сандуу кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарына караштуу Ак-Кыя 1,2 участкаларында Кара-Суу дарыясындагы жээк бекемдөө жумуштары” обьектисинин бүткөрүлгөн 1125метр аралыгын долбоору, финансы жана курулуш кагаздары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ШММБнын балансына мыйзам чегинде өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (И.М.Еркеев), ММБга ( Э.Э. Бабаканов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | К.Д. Батыркулов |