Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу № 163/29-7
“Кара-Көл шаардык бюджеттин 2020-жылга долбоорун жана 2021-2022-жылдарга болжолун макулдашуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин талаптарына ылайык “Кара-Көл шаардык бюджеттин 2020-жылга долбоорун жана 2021-2022-жылдарга болжолун макулдашуу жөнүндө” шаардын мэри И.М.Еркеевдин шаардык кеңешке жолдогон 01.07.2019-ж. №05-5/1476 чыгыш сандуу катына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматын угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин талаптарына ылайык “Кара-Көл шаардык бюджеттин 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолун макулдашуу жөнүндө” шаардын мэри И.М.Еркеевдин шаардык кеңешке жолдогон 01.07..2019-ж. №05-5/1476 чыгыш сандуу катына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык бюджеттин 2020-жылга (атайын каражатты эске алганда) 105 016,0миң сомдук долбоору жана 2021-жылга 113 877,5миң сом, 2022-жылга 125 099,2миң сомдук болжолу” 1,2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Осмонкулов Ж.Т.) “Кара-Көл шаардык бюджеттин 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу” боюнча жактырылган максаттуу көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 15.07.2019-ж. чейин тапшырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаардык башкармалыгына (Муратов Т.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | К.Д. Батыркулов |