Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-майы № 1
Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы 2019-жылдын 27-майы Кара-Алма айылы "Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-февралындагы №1-сессиясынын №1-токтому менен лоток сатып алууга бекитилген 300,0 миң сом акча каражаты айыл аймагындагы башка муктаждыктар келип чыккандыгына байланыштуу Орток айылынын ички жолдорун учурда оңдоого өзгөчө кырдаалдарга селге каршы арыктарды каздыруу, сүрдүрүү, тазалатуу боюнча айыл өкмөт тарабынан элди жана оор техникаларды тартуу менен жумуштарды аткаруу үчүн 300,0 миң сом акча каражаты жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кара-Алма айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом массалык маалымат каражатына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Сооронбаев |