Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну № 27-1
Жергиликтүү бюджеттин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча каражаттарын зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн беренелерине жылдыруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн иш чараларын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жергиликтүү бюджеттин 70491 айыл чарбасы бөлүмүнүн 31112390 беренесиндеги 152,0 (бир жүз элүү эки миң) сом акча каражаты,жергиликтүү бюджеттин 70921 элге билим берүү бөлүмүнүн 22221200 беренесине 47,2 (кырк жети миң эки жүз) сому,22211200 беренесине 104,8 (бир жүз төрт миң сегиз жүз) сому жылдырылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин 70821 библиотека бөлүмүнүн 22211200 беренесиндеги 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты,ошол эле бөлүмдүн 31123290 беренесине жылдырылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин 70921 элге билим берүү бөлүмүнүн 31123230 беренесиндеги 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражаты,ошол эле бөлүмдүн 22211200 беренесине жылдырылсын.
4. Акча каражаттарын бөлүм беренелеринен башка бөлүм беренелерине жылдырып берүү жагы,каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.
5. Акча каражаттарын бөлүмдөрдүн беренелеринен мыйзам негизинде жылдыруу жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Исмаиловага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |