Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
2018-жылдын 24-ноябры №8/3
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жана калктын 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Кенешовдун билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жана калктын 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекемелердин кышка карата даярдыгын дагы бир жолу карап чыгып, 2018-жылдын 1-декабрына карата маалыматтарды берүү жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына калктын электр энергиядан болгон дебитордук карызын өз убагында төлөө эрежелерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Төрага | П.Жакыпов |