Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
2018-жылдын 24-ноябры №8/5
Ар түрдүү маселелер жөнүндө
Жоош айылдык кенешинин депутаты Н.Батыровдун билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы № 132 Коммунизм башталгыч мектебинин 5-6-класстарды ачууга сунуш берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Большевик айылында “Мөлтүр-Тамчы” балдар бакчасынын филиалы катары Т.Машрапованын үйүндө муниципалдык балдар бакчасын ачууга сунуш берилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Токтогул атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн республикалык бюджетке (стим.грантка) проект жазып, тийиштүү иш кагаздарын алып баруу жагы Токтогул атындагы орто мектебинин директору М.Раевага жүктөлсүн.
4. Жоош айыл өкмөтүндө 2017-жылдын жыйынтыгы менен Эсептөө Палатасы өткөргөн ревизиянын жыйынтыгы менен 401584 сомдук инвентарь жараксыз болгондуктан айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгарылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Төрага | П.Жакыпов |