Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
2018-жылдын 29-декабры №9/2
Ар турдуу маселелер (Гайрат, Агартуу, Кызыл-Кошчу, Коммунизм айылдарында курулган жаны социалдык обөектилерди Жоош айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кенешинин кезектеги IХ–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2018-жылы курулган Гайрат айылындагы мектеп, мечит, Агартуу айылындагы ФАП, Коммунизм айылындагы мектеп, ФАП, Кызыл-Кошчу айылындагы ФАП муниципалдык менчикке кабыл алынсын. Тиешелүү иш кагаздарды бүткөрүп мамлекеттик каттоодон өткөрүп, айыл өкмөтүнүн балансында турган муниципалдык менчиктердин катарына киргизүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Аматовага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | П.Жакыпов |