Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-майы № 2
Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттарын ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттары ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына ар бир айылга 10м2 жер аянттарына байланыш түйүнүн куруу үчүн аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Баткен райондук архитектура жана шаар куруу, Баткен райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыктарынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |