Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХII сессиясы
2019-жылдын 08-майы № 32
Материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тоголок жетим балдарга жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тоголок жетим балдарга жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тоголок жетим балдарга 2000 (эки миң) сомдон материалдык жардам катары төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ай сайын 500 (беш жүз) сомдон материалдык жардам катары төлөп берүүгө макулдук берилсин.
4. Тийиштүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |