Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 2-5
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевдин сунушу жөнүндө
Ат-Башы айылында мал чарбасын өнүктүрүүгө Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин программасы боюнча 2018-жылы Вет пункту куруудан жана МТЗ-92 эксковаторун алгандан кийин проектиден ашып калган 120 464сом акча каражатын 2019-жылга максаттуу пайдалануу жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевдин сунушунунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин программасы боюнча 2018-жылы Вет пункту куруудан жана МТЗ-92 эксковаторун алгандан кийин проектиден ашып калган 120 464(бир жүз жыйырма миң төрт жүз алтымыш төрт )сом акча каражаты 2019-жылга карата төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:.
Уйларды жасалма жолу менен уруктандыруучу шаймандырды (азот
сактоочу каражат, пипетка, катетр, термостат) алуу үчүн 90 464
(токсон миң төрт жүз алтымыш төрт ) сом;
Ат-Башы айылындагы « Көрктүү аймак» ишканасынын имаратында
жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине бөлүнүп
берилген иш бөлмөлөрүнүн ремонт иштерин жүргүзүү үчүн
30 000 (отуз миң ) сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Асанбаева |