Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 2-6
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевдин сунушу жөнүндө
Ат-Башы айылындагы Кыргыз Республикасынын символикасы болгон желек орнотулган жер кароосуз болуп жаткандыгына байланыштуу айланасындагы жалпы 1,2 га жайыт жери КРнын «Жайыттар» жөнүндө мыйзамынын 2-6 беренелеринин 5-пунктуна ылайык айылдын тургуну жеке ишкер Табалдиев Кайып Ибраевичке эс алуу жайын уюштуруу үчүн келишим менен ижарага берүү жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы Кыргыз Республикасынын символикасы болгон желек орнотулган жердин айланасындагы жалпы 1,2 га жайыт жери КРнын «Жайыттар» жөнүндө мыйзамынын 2-6 беренелеринин 5-пунктуна ылайык айылдын тургуну жеке ишкер Табалдиев Кайып Ибраевичке эс алуу жайын уюштуруу үчүн 3 жылдык мөөнөткө келишим менен ар бир сотых аянтына 50 сомдон жайыт акысы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Асанбаева |