Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын I сессиясы
2019-жылдын 7-июну № 4
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин балдар бакчасы бөлүмүнүн 311-беренесинен 1 600 000 сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 311-беренесине жылдырылып берилсин.
2. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Талиев |