Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХVIII сессиясы
2019-жылдын 11-июлу № 34
Улахол айыл Өкмөтүндө жазгы айдап себүү, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү айылдык жыйындардын негизиндеги Улахол айыл Өкмөтүнүн 24.04.2019-жылдагы №38а токтомун бекитүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адис К. Бектуровдун маалыматтын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Улахол айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 24.04.2019-жылдагы №38а токтому жактырылсын.
2. 1.Улахол айыл Өкмөтүнө караштуу айылдардагы малдарды айылдын четиндеги жайыттарга калтырбай бада уюштуруу менен малды жогорку өрөөндөргө жеткирүү, жайыттарды чектөө айыл башчыларына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
2. Жайыт төлөмдөрүн өз убагында чогултуу жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Бада акысы төмөндөгүдөй чектелсин:
жылкы башына - 250 сом, уй башына - 250 сом, кой-эчкиге - 45 сом. Эгерде «Сырт» өрөөнүнө жайытка чыкса бодо малга - 300 сом, кой-эчкиге - 50 сом. Жайыт салыгы мал багуучудан алынсын.
3. Бадага мал топтоп жайытка көчпөй, чабынды жерди жедирип жаткан малчыларга «Бузуулар жөнүндө» кодекстин, «Айыл Мыйзамынын» талаптарына ылайык төмөндөгүдөй айыптар салынсын:
- айылдык жыйындын токтомунун негизинде мал багууда ашыкча акы алган атуулдарга 5000 (беш миң) сом;
- май айынын 20-числосуна чейин жайлоого көчпөгөн жана сентябрь айынын 30-числосунан мурун көчүп келген атуулдарга 7500 (жети миң беш жүз) сом;
- 1-майдан баштап 15-октябрга чейинки мезгилде айдоо аянттарына кирген малдарга:
бодо малга-300 сом, эгерде 2-жолу кирсе 600 сом, 3-жолу кирсе 1000 сом, кой-эчкиге-100 сом, индюкка 100 сом, тоокко -50 сом, эгер эшек кирсе-200 сом, жайлоого чыгарбай ашык мал алып калгандарга 7500(жети миң беш жүз) сом;
-Жай мезгилинде минген аттан жана саан уйлардан башка мал алып калынбасын, уйлар кезүүгө кошулсун.
-Жайлоого чыгарылбай айыл четиндеги жайыттарга кой, эчки, тай жана башка мал калтырылбасын.
-Жайлоого үйүр кылып жылкы чыгаргандар 30-сентябрга чейин жайлоодон Туура-Суу айылынын чегине чейин түшүрбөй көзөмөлдөө уюштурсун. Жайлоодон малды эрте түшүргөндөргө 7500 (жети миң беш жүз) сом айып салынып, малы кайра айдалсын.
-Топоздор сырт өрөөнүнө багылсын. Ар бир уй топоз милдеттүү түрдө идентификациялык каттоодон өткөрүлсүн.
- ветеринария жөнүндөгү мыйзамдын негизинде айылга оорулуу мал алып келсе жана дарылоо учурларында малдарын көрсөтпөй катып калган атуулдарга 5500 (беш миң беш жүз) сом;
- эмдөөдөн жана каттоодон өтпөгөн иттер жок кылынат, эгерде ээси каршылык көрсөтсө 1000 (бир миң) сом;
- мурабдардын уруксааты жок сугат сууларын буруп уурдаган атуулдарга мурабдын актысынын негизинде 3000(үч миң) сом, лотоктордон уурдап сугарган атуулдарга 7500(жети миң беш жүз) сом;
- айдоо жерлердин 1 га 100 сомдон канча сугарса, айыл ичиндеги огородго 50 сомдон 3 жолку сугатка төлөнсүн;
- Туура-Суу айылы «Ак-Корум» суусун сугат үчүн 10-майга чейин пайдаланбасын;
- жер айдап-себүүгө 1 га 2000(эки миң) сом, 50 литр күйүүчү май;
- техника ээлерине айыл жыйындарында коюлган баадан ашык алган, өз эрежеси менен айдап-сеппеген механизаторлорго 7500 (жети миң беш жүз) сом;
- суу бөлүштүрүү графигине баш ийбей суу жыгып алгандарга 3000(үч миң) сом айып салынып, ошол айылдын бир суткалык суусу алынсын;
- сугат мезгилинде суу акысын төлөбөгөн атуулдарга, арык тазалоого чыкпагандарга суу берилбесин;
- көчөлөргө жана белгиленбеген жерлерге таштандыларды төккөн атуулдарга 5500 (беш миң беш жүз) сом кошуналардын жана айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде;
4.Таза сууну түтүк менен сугатка пайдалангандарга, өз алдынча насос коюп алгандарга 1000(бир миң) сом айып салынсын. Төлөнгөн акчанын 5 % ы ИСКАКБне которулсун.
5. Бадага чыккан малдардын башын тактап, саноо, малды өз убагында купкага салуу, ветеринардык эмдөөлөрдү жүргүзүү айыл башчыларына, мал чарба жана ветеринардык адистерге, жайыт комитетине милдеттендирилсин.
6. Жайлоого багуучу малдарды 20-майдан кечикпей көчүрүү жана 1-октябрга чейин айылга түшүрбөө, орто тоого 1-июндан 15-сентябрга чейин түшүрбөө жагы жайыт комитетинин жана айыл башчылардын көзөмөлүнө берилсин. Жайыт комитети ар бир мал багуучу менен келишим түзүп бардык жагдайларды чагылдырсын.
7. Мал ээлери мал багуучу менен келишим түзсүн. Мал багуучу баккан малынан ооруган, өлгөндөрү болсо мал ээсине тезинен билдирип, тушу, териси, эн белгиси менен өз убагында берилсин, эгерде өз убагында берилбесе мал базар баасында төлөнүп берилсин.
8. Эгерде мал кайтарыш үчүн унаа катары аттын күчүн пайдаланып келген киши унааны (атты) жоготсо же белгисиз себептер менен өлтүрүп алса, карышкырга жедирсе мал ээсине ат базар баасы менен төлөнүп берилсин.
9. Жайыт билет албагандарга 5000(беш миң) миң сом айып салынсын.
10. Жайытка белгиленген мөөнөттө көчпөй койгондорго жана мөөнөтүнөн эрте көчүп келгендерге 7500 (жети миң беш жүз) сом айып салынсын.
11. Малдын санын жашыргандар айырма башына 2 (эки) эсе ашык төлөйт.
12. Айыл өкмөтүндөгү ветеринардык эпизоотиялык абалга байланыштуу ветеринардык жугуштуу ооруларга каршы вакцинацияларды өз убагында эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каршы болгон мал ээлерине 5500 (беш миң беш жүз) сом айып салынсын, жугуштуу оору пайда кылса бардык чыгымдарды өз мойнуна алууга милдеттендирилсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жана бадачылар менен келишимдерди түзүү, жайытын чектеп берүү жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбековко, мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адис К. Бектуровко, вет.инспектор С. Бокуевге, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Зарлыков Уланга, айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ашымов |