Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №28-сессиясы
2019-жылдын 12-февралы № 01-3/6
Шекер айыл аймагынын башкаруу аппаратынын Штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомун жетекчиликке алуу менен Кара-Буура районунун Шекер айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин:
- Чыгаша боюнча башкы адис – Чыгаша боюнча жетектөөчү адис болуп өзгөртүлсүн;
- Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис – Экономика жана статистика боюнча башкы адис болуп өзгөртүлсүн;
2. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Кара-Буура райондук каржы бөлүмү (Т.Абылгазиев) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Шапаковага жүктөлсүн.
Төрага | К.Иманалиев |