Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №30-сессиясы
2019-жылдын 16-апрели № 01-3/2
“Чынгыз Ордо” маданий-тарыхый жана ден-соолукту чыңдоо мемориалдык комплексине коюлуп жаткан арканы жылдыруу жөнүндө
“Чынгыз Ордо” маданий-тарыхый жана ден-соолукту чыңдоо мемориалдык комплексине коюлуп жаткан арканы жылдыруу боюнча дыйкандардын кайрылуусу талкууга алынгандан кийин
ТОКТОМ КЫЛАМ
1. “Чынгыз Ордо” маданий-тарыхый жана ден-соолукту чыңдоо мемориалдык комплексине кеткен жолго курулган арка дыйкандар тарабынан көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгына байланыштуу курулуп жаткан арка 300 метр жогору жылдырылсын.
2. Шекер айылынын борбордук Б.Момбеков атындагы көчөсүнүн тургундары Чомоев Бакыт менен Раимбеков Шаршенбектин жашаган үйлөрүнүн ортосунан “Чынгыз Ордо” маданий-тарыхый жана ден-соолукту чыңдоо мемориалдык комплексине түз кеткен жол негизги жол болуп калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жоопкерчилиги өзүмө калтырылсын.
Төрага | К.Э.Иманалиев |