Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 189
Бала бакчага кошумча имарат куруу жөнүндө
Арал айыл аймагында “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата белгиленген иш-чарага киргизилген бала бакчага кошумча имарат куруу ишин баштоого түзүлгөн сметасы тууралу айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Үмөт Молдо атындагы бала бакчага кошумча имарат (музыкалык класс жана ашкана) курууга 2018-жылдын бюджеттик жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн каражат эсебинен 1500,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |