Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы № 49
Талас райондук Таза суу муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жолдошовдун Талас району боюнча “Таза суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу болуп кирүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап,Эл депутаттарынын Кууганды айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл өкмөтү Талас райондук “Таза суу” муниципалдык ишканасына башка уюштуруучу айыл өкмөтү катарында уюштуруучу мүчө катары бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Талас райондук “Таза суу” муниципалдык ишканасынын уюштуруу мүчөлүгүнөн ажыроо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Төрага | Э.Р.Тайтекеев |