Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-августу № 47
Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 2019-жылдын 6 (алты) ай ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндөгү отчетун, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 2019-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
2. Аймакты социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча айтылган сунуш-пикирлер эске алынсын.
3. Токтогул шаардык кеңештин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын аткаруу боюнча жоопкерчиликтүү аракеттер көрүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Касымов, М.Калмурзаев, З.Бекматова, М.Исаков) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |