Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 02-августу № 48
2019-жылдын 6 (алты) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана сырттан инвестиция тартуу иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын башка сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 6 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо) 19410,8 миң сомго, 106,6% аткарылгандыгы, ал эми чыгаша бөлүгү жыл башында бекитилген планга ылайык аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Сырттан инвестиция тартуу көрсөткүчтөрү төмөндөп, бул багытта иштердин солгундап кеткендиги баса белгиленсин.
3. Инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп, сырткы донорлор менен иштөө тез арада колго алынсын.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго, ФЭБ башчысы Н.А.Кулузаковага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |