Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2019-жылдын 02-августу № 50
Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планын (КЖАП) ишке ашырууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун “Жергиликтүү деңегээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2-фазасынын алкагында Муниципалитеттер аралык кызматташуу сынагына катышуу жөнүндө маалыматын, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2-фазасынын алкагында, Токтогул шаардык мэриясынын Токент айыл аймагы жана Жаны-Жол айыл аймагы менен биргеликте Муниципалитеттер аралык кызматташуу ( мындан ары МАК) сынагына катышуусу колдоого алынгандыгы эске алынсын.
2. МАК алкагында түзүлгөн Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планынын (КЖАП) суммасынын 25% үчтөн бир бөлүгүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Аталган долбоордун алкагында тиешелүү иштерди аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |