Загрузка документа…
ТОРКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу № 82
Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2020-жылга карата түзүлгөн долбоору жана 2021-2022-жылдарга карата түзүлгөн божомолу жөнүндө
Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2020-жылга карата түзүлгөн долбоору жана 2021-2022-жылдарга карата түзүлгөн божомолу жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020- жылга карата түзүлгөн долбоору 14452,9 миӊ сомго, анын ичинен өздүк киреше 4953,2 миӊ сом, теӊдөөчү грант 8599,7 миӊ сом, атайын каражаттар 900,0 сомго бекитилсин.
2. Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга түзүлгөн божомолу 13882,1 миӊ сомго, анын ичинен өздүк киреше 4988,2 миӊ сом, теӊдөөчү грант 8088,9 миӊ сом, атайын каражаттар 900,0 миӊ сомго жактырылсын.
3. Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга түзүлгөн божомолу 13982,1 миӊ сомго, анын ичинен өздүк киреше 4993,2 миӊ сом, теӊдөөчү грант 8088,9 миӊ сом, атайын каражаттар 900,0 миӊ сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелердин ( эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр ) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020- жылга карата түзүлгөн долбоорун иштеп чыгуу жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Ооматовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
8. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |