Загрузка документа…
ТОРКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2019-жылдын 31-июлу № 84
Торкен айыл өкмөтүнүн атын Абды Суеркуловдун ысымына которуу жөнүндө
Торкен айыл өкмөтүнүн атын Абды Суеркуловдун ысымына которуу жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Торкен айыл өкмөтүнүн аты өзгөртүлүп, Абды Суеркулов атындагы айыл өкмөтү болуп которулсун.
2. Абды Суеркулов атындагы айыл өкмөтү болуп кайрадан юридикалык мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Абды Суеркулов атындагы айыл өкмөтүн кайрадан юридикалык мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө тийиштүү документтерди топтоо жана аны өткөрүү иши айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Токтошовага тапшырылсын.
4. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |