Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(ХХIХ-чакырылышынын) кезектеги X
2019-жылдын 2-августу №2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө тактоолорду киргизүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө тактоолорду киргизүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эл жана турак-жайларды каттоо боюнча даярдыктарды көрүүгө АУПтун ар кандай чыгымдар (2215) беренесине каралган 57,0 миң сомдун 39,0 миң сомун, күйүүчү май (бензин) сатып алуу (2214) беренесине которулсун.
2. Аскер комисариатына жаз-куз айларында аскерге чакырылган жарандарды Балыкчы шаарына жеткируу үчүн АУПтун ар кандай чыгымдар (2215) беренесиндеги, алдын ала билинбеген чыгымдарга бөлүнгөн каражаттан 12,0 миң сомду куйуучу май (бензин) сатып алуу (2214) беренесине которулсун.
3. Ак-Татыр айылына алынып келинген электр тетиктерин түшүрүү үчүн сарптталган 80 литр бензинди, ар кандай чыгымдар (2215) беренесиндеги, алдын ала билинбеген чыгымдарга бөлүнгөн каражаттан 3,2 миң сомду күйүүчү май (бензин) сатып алуу (2214) беренесине которулсун.
4. АУПка каралган бюджеттен 2019-жылы өзгөчө кырдаал учурундагы чыгымдар үчүн ар кандай чыгымдар (2215) беренесине 100000 сом каралган каражаттын эсебинен, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу учун, 60,0 миң сому ЖКХнын күйүүчү май сатып алуу (2214) беренесине которулсун.
5. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | З.Ү.Бозбалаев |