Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVIII- сессиясы
2019-жылдын 17-юлу №28/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын 12.07.2019ж. №1-12/476 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы № 177 токтомунун аткаруу максатында жана жер комиссиясынын мүчөлөрүнөн жумуштан бошогондугуна байланыштуу сунушталган комиссиянын курамын карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVIII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын турак үй куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Акумбаева М.Р. - вице-мэри, туруктуу комиссиянын төрайымы; Усенов К.А. - шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Талипов Р.Х. - мэриянын жер боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын
катчысы; Камбаров Ж.- мэриянын өнөр-жай курулуш жана коммуналдык менчик
боюнча башкы адиси; Байдавлетов З.М.- Көк-Жаңгак шаарынын 40 кварталынын төрагасы; Эгамбердиев Н.К.- Сузак районунун архитектура башкармалыгынын адиси; Бааев Т.- Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз
мүллкө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси;
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |