Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVIII- сессиясы
2019-жылдын 17-июлу №28/3
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 16.07.2019-жылдагы № 1-12/479 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Шахтерская көчөсүнөн номери жок 0,17 га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгу номери жок 0,17 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |